Үркүн тууралуу толук метраждуу тарыхый тасма тартылат


Үркүн трагедиясына арналган «Ажар» толук метраждуу тарыхый көркөм фильми өндүрүшкө жиберилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тасма Кыргыз киносунун 85 жылдыгына карата Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылат.

«Тасманын режиссёру — КР эл артисти Актан Арым Кубат. Сценарийи жазуучу Касымалы Баялиновдун ушул эле аталыштагы повестинин негизинде Актан Арым Кубат, Марат Алыкулов жана Арслан Капай уулу тарабынан иштелип чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Фильмдин сюжетинде 1916-жылдагы Үркүн окуясы 12 жаштагы Ажардын тагдыры аркылуу баяндалат. Атасы менен апасынан айрылган кыздын башынан өткөргөн оор сыноолору тарыхый драманын өзөгүн түзөт.

Долбоор 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүн трагедиясынын 110 жылдыгына арналат.

Тасманын сценарийи тиешелүү көркөм жана эксперттик кеңештерде каралып, жактырылган. Ошондой эле Улуттук кинематография кеңешинин 20-октябрдагы IV жыйынында колдоо тапкан. Фильмди ишке ашыруу жана каржылоо маселелери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.