Президент Садыр Жапаров «Кыргызтесттен» өтпөй калган президенттикке талапкерлерди тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берген эмес. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал Өмүрбек Суваналиевдин акыркы билдирүүлөрүнө байланыштуу түшүндүрмө берип, мамлекет башчысы ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен жолугушууларды өткөрүп келерин белгиледи.
Алагөзовдун айтымында, жолугушуулардын биринде «Кыргызтесттен» өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн. Анда президент тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес.
«Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес.
Мисалы, президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн Дастан Кадыров аттуу жараныбыз алгач тесттен өтпөй, кийин кайра тапшырганын социалдык тармактар аркылуу айтып чыкканын көрдүк. Бирок сертификатын белгиленген мөөнөткө чейин алууга жетишпей, документтерин тапшыра алган эмес. Эгер кимдир бирөөнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген болсо, анда бул жагдайды кантип түшүндүрүүгө болот?
Президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын болушун, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдойт. Мурда да баса белгилегенибиздей, шайлоо өнөктүгү башталды. Алдыда ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер, ушак-айыңдар дагы көп болот. Бул саясий атаандаштыктын ажырагыс бөлүгү. Андыктан шайлоо мезгилиндеги ар бир билдирүүнүн артында белгилүү бир саясий кызыкчылыктар да турушу мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы», — деди ал.

