Каржы пирамидасын жарнама кылгандарга жазаны күчөтүү сунушталды


Кыргызстанда финансылык пирамиданы же алдамчылык схеманы түзүп, аларды жарнама кылгандарга жазаны күчөтүү сунушу берилди. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү лицензиясы жок туруп адамдардан акча чогултуп же башка мүлкүн алгандар жарандарга зыян келтирсе мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейин абакка кесилет.

Андан тышкары көп суммада зыян алып келген каржылык пирамидаларды жарнама кылгандарга 300 миң сомдон 500 миң сомго чейин айып салып же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.