Кыргыз Республикасынын баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерди аныктоо жана изилдөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 13-ноябрдагы буйругуна ылайык, комиссияны министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектейт.
Ведомствонун маалыматына караганда, анын курамына тарыхчылар, археологдор, илимпоздор жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.
Комиссия Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерге барып, изилдөө иштерин жүргүзөт. Анын жыйынтыгы боюнча корутунду жана сунуштар 20-декабрга чейин министрликке берилет.

