2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 88,3 миң жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы өлкөдө 273 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн.
2026-жылдын он айында негизги капиталга салынган инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү. Бийлик мындан ары өндүрүштү технологиялык жактан өнүктүрүүгө, экономикалык өсүштүн сапатын жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көңүл бурмакчы.

