Казакстандык окумуштуулар кыргыздын мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астана шаарларынын бирине орнотууну сунушташты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул демилге 17-ноябрда Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы улуттук университетте өткөн илимий конференцияда көтөрүлдү.
Иш-чарада Жусуп Абдрахмановдун 1932-жылы ачарчылык учурунда Казакстандан Кыргызстанга качып келген жүз миңдеген адамды сактап калууга кошкон салымы белгиленди. Казак окумуштуулары анын эмгегин баалоо жана кыргыз-казак достугун даңазалоо максатында эстелик тургузуу сунушун өлкө жетекчилигине жеткирүү аракеттери жүрүп жатканын билдиришти.
Белгилей кетсек, конференцияда тарых илимдеринин доктору, «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болотбек Жумашевич Абдрахмановго саясий репрессиялардын тарыхын изилдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстан Көркөм академиясынын атайын диплому жана алтын медалы тапшырылды.

