Бишкекте лицензиясыз такси кызматын көрсөткөндөргө айып салынды


Бишкектеги «Аламүдүн» базарынын аймагында лицензиясыз жүргүнчү ташыган такси айдоочуларын аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Мэриянын маалыматына ылайык, 18-ноябрда өткөрүлгөн иш-чарага милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери да катышты.

Текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган айдоочуларга протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Ошондой эле айдоочуларга Чыгыш автобекетиндеги таксилер үчүн атайын токтотуучу жайды пайдалануу, жүргүнчүлөрдү белгиленген жерден гана түшүрүү жана салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай рейддер мыйзамсыз жүргүнчү ташуунун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында улантылат.