Президент Садыр Жапаров жарандарды «Түндүк» тиркемеси аркылуу президенттикке ат салышууга ниеттенгендерге кол топтоого жардам берүүгө чакырды. Ал 30 миң кол топтой албай жаткандарды колдоону өтүнүп, электрондук кол коюу шайлоодо добуш берүү эмес экенин белгиледи.
Мамлекет башчы мындай кайрылуусун 18-ноябрда президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген жарандар менен жолугушкандан кийин жасады.
“Учурда «Түндүк» тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол топтоо жүрүп жатат. Бардык жарандарды бул жараянга активдүү катышууга чакырам. “Президент болом, өлкөмдү өнүктүрөм” деген ар бир талапкерге мүмкүнчүлүк бериңиздер.
“Түндүктөн” кол коюу — добуш берүү эмес.
Талапкерлердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч гана. Ар бир талапкердин программасын угуңуздар, сунуштарын салыштырыңыздар, терең талдоо кылыңыздар. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер.
Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо “Түндүк” аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн көп суранамын», — деп жазды өлкө башчысы.

