Оптикалык жабдууларды былтыр 5,5 миң адам катышкан Bishkek Snow Leopard Run жарышында түшкөн акчага алышкан. Аны уюштурган Nomad Sport компаниясы жабдууларды “Илбирс” коомдук фондуна өткөрүп берди.
Дүрбү алысты 20-60 эсеге чейин жакындатып берет. Корукчулар жаныбарлардын тынчын албастан, ыраактан байкоо жүргүзүү үчүн ушундай жабдууларга муктаж экенин айтышкан.

