Юстиция министрлиги калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүүнү кеңейтүү боюнча этаптуу иш алып барууда


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун калк менен жолугушууларынын жыйынтыгында берилген тапшырмасын аткаруу максатында, Юстиция министрлиги аймактардын жашоочуларын акысыз адвокаттык колдоону камсыздоо үчүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасын комплекстүү жаңыртууну демилгелөөдө.
Коюлган маселелерди максималдуу натыйжалуу жана ыкчам чечүү үчүн иш төрт негизги этапка бөлүнгөн.
Юридикалык жардам кызматынын координаторлорун облустарга жана райондорго жайгаштыруу
Юстиция министрлиги юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Юридикалык жардам кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштурууну кайра карап чыгууда.


— Кызматтын координаторлорун учурдагы штаттын чегинде облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарына жайгаштыруу иштери жүрүүдө.
— Координаторлорду жайгаштырууда калктын саны, аймактардын алыстыгы жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын саны эске алынат.
— Координаторлор жеринде жарандарга консультация беришет, арыздарын карашат жана мамлекеттин эсебинен адвокат дайындоо боюнча чечим кабыл алышат.
Юридикалык жардам кызматынын кызматкерлеринин штатын пландаштырылып жаткан кеңейтүү
— Бүгүнкү күндө бар болгон штаттык сан республиканын бардык райондорунда жана шаарларында координаторлордун туруктуу иштешин камсыз кылууга жетишсиз.
— Жарандарды жеринде үзгүлтүксүз жана дайыма кабыл алуу үчүн Кызматтын кызматкерлеринин штатын кеңейтүү пландалууда.
— Кошумча кызматкерлер өлкөнүн бардык аймактарында юридикалык жардамга муктаж жарандарды максималдуу кеңири камтуу үчүн жер-жерлерге жөнөтүлөт.
Жер маселелерин жана кыймылсыз мүлк боюнча талаш-тартыштарды МКЮЖ жөнүндө мыйзамга киргизүү
— Жер маселелеринин актуалдуулугун жана жарандардан көп кайрылуу түшүп жатканын эске алуу менен Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.
— Бул демилге кыймылсыз мүлккө байланышкан жер талаштары жана маселелери боюнча жарандарга мамлекеттин эсебинен акысыз адвокаттык жардам көрсөтүүгө укуктук негиздерди түзөт.
Адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин пландаштырылып жаткан жогорулатуу
Аймактардын тургундарын адвокаттык жардам менен камсыз кылуу жана иштердин жаңы категориялары боюнча жардам көрсөтүү максатында, ошондой эле, адвокаттардын өзүлөрүнүн калкка укуктук жардам корсөтүүгө кызыкчылыгын жогорулатуу үчүн Юстиция министрлиги МКЮЖ системасында иштеген адвокаттардын эмгегине акы төлөө тарифтерин жогорулатууну демилгелөөдө.
— Төлөмдөрдү жогорулатуу сот өндүрүшүнүн бардык категориялары боюнча (кылмыш-жаза, жарандык жана административдик иштер боюнча) пландалууда.
— Тарифтердин жогорулашы адвокаттардын МКЮЖ системасына катышуусуна жана адистер жетишсиз болуп жаткан райондордо иштөөсүнө түрткү берет.
Бул квалификациялуу адистерди тартууга жана калкка көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда Юридикалык жардам кызматы 114 ишеним телефону, жасалма интеллектке негизделген жардамчысы бар jardam.kg (https://jardam.kg/) порталы жана «Тилектештик автобусунун» көчмө кабыл алуулары аркылуу калкка юридикалык жардам көрсөтүүнү улантууда.
Бул чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын этабы менен толук аткарууга жана квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.