Бишкекте 26-ноябрда жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Анда 40тан ашык иш берүүчү 4 миңден ашык бош жумуш ордун сунуштайт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эл аралык университетинде саат 10:00дө башталат.
Жумуш орундары IT, юриспруденция, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка тармактар боюнча сунушталат. Катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз байланышып, маектешүүдөн өтүп, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат. Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын адистери жумушка орношуу жана кесиптик окутуу программалары боюнча кеңеш беришет.

