Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-ноябрындагы №805-VIII токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын шашылыш жана ыкчам кызматтарынын ишин, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү.
Анда Ала-Арча аймагында жашы жете элек баланын каза болушуна байланыштуу окуянын жагдайлары, издөө-куткаруу иштеринин уюштурулушу жана жүргүзүлүшү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана шашылыш кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маселе каралды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана башка жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бул окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле кырдаалга жүргүзүлгөн ички талдоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, окуянын келип чыгышына адам фактору себеп болгонун, тактап айтканда, жардам көрсөтүү өтүнүчү диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып калганын маалымдады. Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдап, издөө-куткаруу иштерин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн алгоритмдери кайрадан каралып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, убактылуу депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Улугбек Ормонов, Нурбек Сыдыгалиев, Табылды Муратбеков, Гулшаркан Култаева, Чолпон Эсенаманова, Медина Кайрылбекова, Улукбек Карыбек уулу, Мавлюда Калбердиева жана Айгүл Карабекова кирген.

