Бүгүн өлкө аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Талас регионунда +12…+17, Ысык-Көлдө +7…+12, Нарын аймагында +6…+11 градус жылуу болот.
Термометр Бишкекте +16…+18, Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.

