УКМКнын жалган кызматкери кармалды


Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте УКМКнын жалган кызматкери М.Д. кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, М.Д. атайын кызматтын өкүлү катары өзүн тааныштырып, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө уруксат берүүчү документтерди алууга жардам көрсөткөндүгү тууралуу айтып, 900 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.