Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Нарын жергесинде +4…+9, Талас регионунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад облустарында +9…+14, Баткенде +8…+13, Ысык-Көлдө +7…+9 градус жылыйт.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +5…+7, Ошто +11…+13 градуска жетет.

