Кыргызстанда жумуш издеген жарандар менен иш берүүчүлөрдү түз байланыштыра турган jumush.gov.kg мамлекеттик порталы ишке кирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, анын кызматтары иш берүүчүлөр жана жумуш издегендер үчүн акысыз.
Портал бүгүн Эл аралык университетинде өткөн бош жумуш орундарынын жарманкесинде тааныштырылды. Ал эмгек рыногунун бирдиктүү санариптик экосистемасын түзүү, жарандардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана иш берүүчүлөр менен жумуш издегендердин түз байланышын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Аны министрлик Башкы прокуратурага караштуу «Укук» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте даярдаган.
Портал аркылуу иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын өз алдынча жарыялап, ылайыктуу адистерди издеп, талапкерлер менен түз байланыша алышат. Ал эми жумуш издеген жарандар өлкө боюнча актуалдуу вакансияларды карап, резюмелерин жайгаштырып, иш берүүчүлөргө түз кайрыла алышат.

