Умра сапарларын уюштурган фирмалардын жоопкерчилиги күчөтүлөт


Умра сапарларын уюштурган фирмалардын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, ажылык жана умра сапарларын уюштуруу боюнча тартип Дин агенттиги тарабынан бекитилген. Эми документ министрлер кабинетинин токтому менен бекитилгени жатат.

“Анда ар бир фирманын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Жарандарды умрага алып барып таштап, карабай койсо, жадагалса Кылмыш-жаза кодекси аркылуу жазалоого аракет кылабыз. Белгиленген талаптарды аткарууну фирмаларга эскерттик. Биз укуктук-ченемдик актылар аркылуу умра сапарларын уюштуруу иштерин күчтөндүрөбүз”, — деди ал.