Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында унаа мектеп окуучусун сүзүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, кыз окуя болгон жерде каза болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, унааны 80 жаштардагы айдоочу башкарып, ооруканага бара жаткан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кыздын каза болгонун тастыктады.

