Жогорку соттун жетекчилиги, облустук соттордун, Бишкек шаардык жана борбор калаанын райондук сотторунун төрагалары жарандарды ар бейшемби сайын онлайн кабыл алышат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев билдирди.
Жаңы формат жарандарга Бишкекке келбей эле сот жетекчилерине кайрылып, убактысын жана каражатын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Жарандарды жеке кабыл алуу мурдагы тартипте улантылат.

