Милициянын айтымында, шектүүлөр жабырлануучуга WhatsApp аркылуу өздөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин, УКМКнын жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышкан.
Алар «жашыруун операция» жүрүп жатканын айтып, жабырлануучуну 238 970 сом насыя алып, акчаны которууга жана үйүн арзан баада сатууга көндүрүшкөн. Жалпы чыгым 3,8 млн сомдон ашкан.
Алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, 20 жана 23 жаштагы шектүүлөр кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

