Ала-Арчадагы бийик тоолуу көлдөргө туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө


Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу көлдөрдүн абалы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча капчыгайында мурда бийик тоолуу жана мөңгү ичиндеги көлдөрдүн жарылышынан улам сел жүргөн учурлар катталган. Мындай коркунуч Ак-Сай жана Тез-Төр дарыяларынын өрөөндөрүндө жогору.

ӨКМдин адистери илимий мекемелер менен биргеликте Ак-Сай, Адыгене жана Тез-Төр көлдөрүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп келишет. Байкоо дрондор, абадан сүрөткө тартуу, талаа изилдөөлөрү жана спутниктик сүрөттөр аркылуу жүргүзүлөт.

2023-жылы Ак-Сай көлү жарылуу коркунучу боюнча биринчи категорияга киргизилген. Бирок кийин табигый агым каналдары аркылуу кооптуу көлөмдөгү суу чыгып, көлдүн ашыкча толуп кетүү коркунучу азайган. Адыгене көлүндө болсо 2012-жылдан бери суунун деңгээлин жөнгө салуучу сифондук түзүлүш иштеп келет.

Өзгөчө көңүл Тез-Төр сыяктуу мореналык-мөңгүлүү көлдөргө бурулууда. Анткени мындай көлдөрдө суунун кооптуу көлөмү бир сезондун ичинде топтолушу мүмкүн. 2012-жылы Улуттук илимдер академиясынын адистери Тез-Төр көлүнүн жарылышын эки жума мурда алдын ала болжолдоп, мүмкүн болгон кесепеттерге даярданууга шарт түзүшкөн.

Учурда бийик тоолуу көлдөрдү спутник аркылуу аралыктан көзөмөлдөөчү улуттук платформа иштеп жатат. Жарылуу коркунучу бар көлдөрдүн каталогу жыл сайын жаңыланат. ӨКМ мындай көлдөрдүн абалы адистердин туруктуу көзөмөлүндө экенин белгиледи.