Ысык-Көлдө түнкү камералардын жардамы менен 4 браконьер кармалды


Ысык-Көлдө түнкү видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен браконьерлик кылган төрт жаран кылмыш үстүндө кармалды

ИИМдин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоо фактысына бөгөт коюшту. Укук бузуучулар көл жээгине орнотулган заманбап видеокөзөмөл системасынын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде аныкталды.

Окуя 25-ноябрда болжол менен саат 20:30 чамасында болгон. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Кырдаалдык борборунун операторлору Түп районунун Кудургу айылынын жанындагы экологиялык мунарага орнотулган түнкү видеокөзөмөл камерасы аркылуу шектүү аракеттерди байкашкан. Бир нече адам ат менен жээкке келип, кайыкты сууга түшүрүп, мыйзамсыз балык уулоочу торлорду жайгаштыра баштаган.

Алынган маалымат дароо Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө берилип, белгиленген тартипте каттоого алынган. Окуя болгон жерге облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жана Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу ыкчам түрдө барышкан.

Милиция кызматкерлери Кудургу айылынын төрт жергиликтүү тургунун кылмыш үстүндө кармашкан. Алар: 1972-жылы туулган К.Н., 1992-жылы туулган М.Н., 2004-жылы туулган К.Б. жана 2006-жылы туулган К.Н.

Окуя болгон жерди кароо учурунда үйлөмө кайык жана мыйзамсыз кармалган 69 балык алынган. Мындан тышкары, териштирүү учурунда мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган синтетикалык торлор жашырылган жайлар аныкталган. Шектүүлөр бул торлорду көл жээгиндеги чычырканактардын арасынан атайын казылган чуңкурларга жашырып келишкен.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке келтирилген экологиялык зыяндын суммасы 143 миң 420 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Түп райондук сотунун чечими менен шектүүлөрдүн экөө эки айга камакка алынып, дагы экөөнө үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.