Эмомали Рахмондун сапарынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Эки өлкө башчылары биргелешкен билдирүү жасашат. Мындан тышкары, Рахмон төрага Нурланбек Тургунбек уулу жана өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен жолугары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

