АКШ USAID программаларынын 83 пайызын жаап жатат


АКШ алты жума бою кайра каралып чыккан Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин (USAID) программаларынын 83%ын расмий түрдө жапмай болду. Алар ондогон миллиард долларларды АКШнын кызыкчылыктарына жооп бербеген максаттарга коротушканын Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, калган миңдей программа мамдепартамент тарабынан көзөмөлдөнүп, эффективдүү жүзөгө ашырылышы керек.