25-мартта Кыргызстандын курама командасы Катар менен беттешет


2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо турниринин экинчи айлампасында Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу 3-турдагы орунду камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алды.

Футбол союзунан билдиришкендей, 25-мартта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турниринин 3-турунда Кыргызстандын курама командасы Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет. Оюн борбор калаанын башкы аренасы – Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, бул улуттук кураманын 2025-жылдагы үйдөгү алгачкы жолугушуусу болот. Үчүнчү турда 18 команда алты командадан үч топко бөлүнөт. Бул этаптын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Төртүнчү тандоо турунда Азиядан дагы эки өкүл аныкталып, континенттер аралык плей-офф оюндары аркылуу Дүйнө чемпиондугуна кошумча орун ыйгарылат. Биздин команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын командалары менен бирге А тайпасына кирди.

Маалымат үчүн: Бул күнү күйөрмандар оюнду көрүп эле тим болбостон, чыныгы кыргыз маданиятынын атмосферасын сезе алышат. Рамазан айына туш келген бул майрамда көрүүчүлөр стадиондо ифтар уюштурулат.