Түрмөлөргө дрон менен баңгизат таштап турган шектүү кармалды


Шектүү катары 2005-жылы туулган жаран кармалып, аны тинтүү учурунда жанынан өзгөчө кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат табылган. Андан соң, кармалган жарандын жашаган дареги боюнча жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда скотчко оролгон 2 даана баштык табылган. Ал жерден өзгөчө кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат алынып, жалпы салмагы 3 килограмм 84 грамм экендиги аныкталган.

Ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар табылган, кылмышка шектүү жаран аларды Жаза аткаруу мекемелеринин аймагына баңгизаттарды жана башка мыйзамсыз буюмдарды ыргытууга колдонгондугу аныкталган.