Таласта күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк батышка чейин) сезилген.

ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.