Балыкчыда 7-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды


Балыкчыда 7-класстын окуучусунун жансыз денеси таңга маал сарайда табылды. Маалыматты Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 26-март күнү саат 07:05 чамасында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 2011-жылы туулган тургун өз үйүндө каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматты тактоо үчүн окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм чарбалык бөлмөнүн чатырынын түтүкчөсүнө байланган жип менен асынып алганы аныкталган.

Аталган факт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Бала жергиликтүү мектептердин биринде 7-класста окуган, мугалимдер аны чыр-чатаксыз, токтоо бала катары мүнөздөгөн. Ал толук кандуу үй-бүлөдө жашачу: ата-энеси жана чоң энеси менен. Окуучу ата-энесинин үч кызынан кийинки жалгыз уулу экенин белгилүү болду.