Таласта жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлдү


ӨКМдин маалыматы боюнча, алар жарака кеткен турак үй, соцобъектилерди текшерип жатышат. Көпүрө-Базар айылында 5 турак жайдын дубалынан жарака кеткен. Жергиликтүү тургундардан азырынча кайрылуу түшө элек.

Таңга маал Таласта магнитудасы 5ке жеткен жер титирөө катталган. Силкинүүнү бишкектиктер да сезишти.