КР УКМК Баткен шаарында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ЖӨБОнун жооптуу кызматкерлери тарабынан 2,0 га аянттагы жайыт жер тилкесин трансформациялоосуз жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысын аныктады.
Тактап айтканда, 2007-жылы Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкү даректеги: Баткен шаары, Чет-Булак кв., Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан жайыт жерлерди трансформациялоосуз жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында менчик ээси Б.С., көрсөтүлгөн жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин Баткен шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине өз ыктыяры менен кайтарып берди.
Учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралары улантылууда.

