Саясат

АКШ өз жарандарын алып кетпей жаткан өлкөлөргө санкция киргизүүсү мүмкүн

ВАШИНГТОН. АКШ Президенти Дональд Трамп жума күнү жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык коронавирус эпидемиясынын шарттарында өз жарандарынын мекенине кайтып келүүсүнө тоскоолдук кылып же ар кайсы себептер менен аны улам ары жылдырып жаткан өлкөлөргө визалык санкциялар киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан документтерден улам белгилүү болгон.

Документке ылайыкАКШнын Ички коопсуздук министрлигинин башчысы  жогоруда белгиленген  бул өңдүү фактылар боюнча Мамлекеттик катчыга билдирүүсү зарыл. Өз кезегинде Мамлекетттик департаменттин башчысы жети күндүк мөөнөт ичинде мындай мамлекеттерге чектөө киргизүү тууралуу чечим кабыл алат.

Белгилей кетсек, Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча бүгүн Америка кошмо штаттарында коронавирус менен жабыркагандардын саны  499 252  адамга жетти. Ошол эле учурда 28 790 адам бул илдеттен айыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button