Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге “Манас” аэропортунда жардыруучу зат бар» деген маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, 259-берене менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1975-жылы туулган аял кармалып, Сокулук РИИБге жеткирилген.
«Тергөөнүн жыйынтыгы менен топтолгон далилдердин негизинде кылмыш иши тергелип бүтүп, айыптоо корутундусун бекитүү жана райондук соттун кароосуна өткөрүү үчүн Сокулук районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта

