Бүгүн, 2025-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында алгачкы ирет агроөнөр жай сектору үчүн маанилүү окуя — «Санарип дыйкан 2025» форумунун алкагында айыл чарбасынын заманбап технологияларынын демонстрациялык көргөзмөсү дагы өттү.

– Министрлик бул технологиялардын ар бир дыйкан үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушуна өзгөчө көңүл бурат. Биздин милдет – дыйкан-фермерлер санариптик куралдарды күнүмдүк ишинде натыйжалуу колдоно ала турган шарттарды түзүү. Бул деген маалымат берүү жана окутуу, ыңгайлуу онлайн кызматтарды киргизүү, заманбап инфраструктурга, инновациялык технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, — деп билдирди өз сөзүндө министр Бакыт Төрөбаев.
Иш-чарада дыйкан-фермерлер көргөзмөдө айыл чарбасындагы санариптик революциянын бир бөлүгү болгон алдыңкы технологиялар менен таанышып, аны колдонуунун жана кандай жол аркылуу сатып алып пайдаланса болоору тууралуу кеңири маалымат алышты.
Бул форум – дыйкан-фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүүнүн жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнүн дүйнөлүк тенденциялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы моделдери менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк десек жарашат.

