Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3085 адамга жетти


Бул тууралуу Кытайдын Синьхуа агенттиги билдирди. Дагы 4715 адам жаракат алып, 341 адам дайынсыз болуп жатат.

28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу өлкөнүн 1,5 миллион калкы бар экинчи чоң шаары Мандалайдан 17 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Жер титирөөнү коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Таиланддын тургундары да сезишкен.