Коом

Жерге жакындап келе жаткан астереоид бет кап тагып алган

Жер планетасына эң чоң астереоид жакындап келе жатат. Аны астрономдор 1998 OR2 деп атап коюшкан. НАСА берген маалымат боюнча, 29-апрелде жер планетасына жакын 6,3 миллион чакырым аралыктан өтөөрү болжолдонууда. Мындай аралык жерге таасир берүүсү мүмкүн экенин айтышууда. Ал эми ошол эле биз көрүп жүргөн ай жерден 385 000 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Окумуштуулардын айтымында астереоиддин туурасы 1,8 ден 4,1 чакырымга чейин жетет.

Астрономдор жерге жакындап келе жаткан астереоидди Пуэрто-Рикодогу Аресибо Обсерваториясында сүрөткө алышкан. Сүрөттө астереоид бет кап тагып алгандай элес калтырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button