Коом

Раданын экс-депутаты Украина кыйрап, Россияга кошуларын айтты

 «Украинанын ар кайсы бурчтарында өтүп жаткан массалык каршылык акциялары өлкөнүнүн мамлекеттүүлүгү үчүн аянычтуу түрдө аякташы мүмкүн. Жумушсуздуктун жана айлык акылар боюнча карыздардын такай өсүп жүрүп отуруусу эл ичиндеги нааразычылыктарды абдан курчутту»-деди Жогорку Раданын экс-депутаты Алексей Журавко.

Ошондой эле, ал чарба ишмердүүлүгү кыйрап жаткандыгы аз келгенсип, экономикалык каатчылык дээрлик бүтүндөй тармактарды кучагына камтыгандыгын, айыл чарбасы менен иш алып баруучу региондордо каршылык акциялары өтүп жаткандыгын жана аларга жакында мугалимдер, медициналык кызматкерлер, ЖОЖ кызматкерлери келип кошулаарын айткан.

Мындан сырткары, Алексей Журавконун айтуусу боюнча эгерде кырдаал дал ушундай өңүттө өөрчүп жүрүп отурса, Украина кыйрап, көпчүлүк бөлүгү Россияга өтүп кетери ажеп эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button