Коом

Нарында кармалган ак илбирс реабилитациялык борборго жеткирилди. Видео

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын тургундары жайыттагы торпокко кол салган ак илбирсти кармап алышты.

Бул тууралуу курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жырткыч карып алсыз болуп калганы жана бир буту аксак, көзүнүн көрүүсү начар экени аныкталган.

Ак илбирс Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы NABU Кыргызстан реабилитациялык борборуна жеткирилди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча өлкөдө 400гө жакын ак илбирс бар.


Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button