Коом

Улуттук банк Жеңиштин 75 жылдыгына карата коллекциялык тыйындарды чыгарды

Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Тарыхый окуялар” сериясынан “Улуу Жеңишке 75 жыл” коллекциялык күмүш жана жез-никел тыйындарын жүгүртүүгө чыгарды.

Бул тууралуу башкы финансылык мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Тыйындын алдыңкы бетинде тынчтыктын символу көгүчкөн түшүрүлгөн, арткы фонунда Кызыл Армиянын аскер жана офицерлеринин “Жеңиш кол тамгалары” жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылган. Ал эми арткы бетинде “75” деген сандын фонунда “28 Баатырдын эрдиги үчүн” мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн.

Ар бир тыйын акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык тыйындар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button