Бишкекте үч «кыз» чет элдик жаранды сабап салышкан


Социалдык тармакта аялдын кийимин кийип, боенуп алган үч эркек киши чет элдикти сабап жаткан видео тарады.

Ленин РИИБ 9-апрелде билдирген маалымат боюнча, мушташ тууралуу кабар 6-апрелде саат 4:30 чамасында түшкөн. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган

Райондук милицияга 23, 24, 25 жаштагы үч эркек, ошондой эле 1992-жылы туулган чет элдик жабырлануучу алып келинген.