Бүгүн, 2025-жылдын 9-апрелинде КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлеринин өкүлдөрү менен жолукту. Жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда абхаз, армян номурлуу унаалардын айрым ээлери машинелерди мыйзамдаштыруу процесси боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Мындан улам, УКМК төрагасы К.Ташиев Президент С.Жапаровдун тапшырмасы менен кайрылуу жолдогон жарандар менен жолугуп, алардын үнүн укту.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик сунуштаган тиешелүү токтомдо унааларды легалдаштыруу 15-мартта башталып, сентябрдын ортосунда жыйынтыкталары жазылган. Армян, абхаз номурлуу машинелердин ээлери бул убакыт ичинде автоунаасын легалдаштыруу үчүн агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек болгон.
Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынаары маалымдалган. Мыйзамдаштыруунун баасы 100 миң сом деп белгиленген.
Жыйындын жүрүшүндө Абхазиядан, Армениядан ташылып келген машинелердин ээлери аталган сумма көп экенин айтып, арзандатып берүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле, унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана каттоо процессиндеги айрым көйгөйлөргө токтолушту.
Өз кезегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учурда Абхаз-Армян номерлүү автоунааларга байланыштуу буга чейин бекитилген токтомго ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан чаралар көрүлүп жатканын кабарлады. Жарандарга түшүнүксүз болуп жаткан айрым маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерди сынга алды.
Ошондой эле, төрага алдыда чет өлкөлүк номерлүү унааларга чыккан токтомго өзгөртүүлөр киргизилээрин маалымдады. Анда абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун баасы, 2ге чейинки объемдогу унааларга 50 миң сомго төмөндөтүлдү. Ал эми унаа токтотуучу жайга күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралды. Тийиштүү лабороториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго түшүрүлдү. Ал эми Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама жокко чыгарылды. Муну менен КР жарандарына жеңилдиктер берилди.
УКМК төрагасы тийиштүү мекемелрдин жетекчилерине жогоруда айтылган маселелерди тез арада чечүү тапшырмасын берип, унааларды мыйзамдаштыруу процессин да кечеңдетпей жоопкерчилик менен кароону тапшырды.
Белгилей кетсек, абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлери мыйзамдаштыруу процессине байланыштуу 14-апрелден баштап УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот.
Эске салсак, унааларды мыйзамдаштыруу менен сатууга уруксат берилбейт. Мыйзамдаштыруу иштери толук бүтмөйүнчө унааны айдоого тыюу салынат. Ал эми унааны мыйзамдаштыруу процесси учурунда гана пайдаланууга болот.
Транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу маселелери боюнча консультация алуу үчүн GARTS VS ишеним телефону.
Мобилдик телефон
0995 55 99 14
0995 00 50 05
Шаардык телефону:
0312 63 17 14
0312 63 28 33
Иш күндөрү 09:00-18:00 Саат 09:00дөн баштап 21:00 чейин. Шаардык телефондор саат 09:00дөн баштап 18:00 чейин.

