Мамлекеттик кызматтар жөнөкөйлөшөт


Президент 2025-жылы 10-мартта №83 Жарлыкка кол койгон. Максат — элге кызматты жеңил жеткирүү, бюрократияны азайтуу. Азыр бул багытта иш башталды. Администрация өкүлү Азамат Кадыралиев түшүндүрдү:

Эми эмне өзгөрөт:
1. 14-апрелден баштап Бишкек менен Ошто, 1-майдан тартып бардык аймактарда кагаз маалымкаттар берилбейт. Баарын “Түндүк” тиркемеси аркылуу аласыз. Кезекте туруп, документ чогултпайсыз. Өзгөчө учурлар (50 жаштан жогору, чет өлкөлүктөр ж.б.) үчүн гана кагаз калат.
2. 1-июндан тартып мекемелер элден маалымат сурай албайт. Өздөрү “Түндүк” аркылуу алышы керек. Эл папка көтөрүп, эшик кагып жүрбөйт.
3. Ар бир мамлекеттик орган 1-октябрга чейин санариптик маалымат системаларын ишке киргизүүгө милдеттүү.
4. Ар бир жетекчи элге туруктуу маалымат берип турушу керек – эмне документ керек эмес, эмнени тиркемеден алса болот – баары соцтармактарда түшүндүрүлүп турушу зарыл.

Максат бирөө — элге ыңгайлуу шарт түзүү!

Бул ишти Президент түз көзөмөлдөп жатат.