Ала-Арча жаратылыш паркында асма жол салынууда


Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Туманбаев Ала-Арча жаратылыш паркында экологиялык абалды сактоо үчүн чоң өзгөрүүлөр болорун айтат.

«Май айынан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынат. Учурда кең унаа токтотуучу жай курулуп бүтүүгө жакын. Эми келген конокторду атайын уюштурулган электр унаалар парктын ичине алып кирет. Жакын арада Бишкектен түз автобус каттамдары ишке кирет, буга чейинкидей парктын кире беришинде тыгындар болбош керек», — дейт ал.

Анын айтымында, жаратылыш паркында алгачкы ирет асма жол курулуп жатат. Ал жыл этегинде ишке берилет.

«Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда. Бул иш-аракеттердин бардыгы жаратылышты сактап, ошол эле учурда эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү максатында жасалууда», — дейт ал.