Коом

Познер коронавирустун жасалма жол аркылуу пайда болгондугуна ишенбейт

Россиялык журналист Владимир Познер коронавирустун жасалма жол аркылуу пайда болуусун болбогон кеп атады. Познердин оюу боюнча адам баласынын азырынча вирус жасап чыгууга кудурети жете элек. Бул тууралуу оюн ал «Познер Online» сайтындагы телеберүүсүндө айтып чыккан.

«Мен анын табигый түрдө келип чыккандыгына толук ишенем. Ооба, бүгүн адам баласы вирустардын жана микробдордун негизинде биологиялык курал жасап чыгарууну үйрөндү, бирок мунун өзү, бактыга жараша адам баласы вирусту дагы ойлоп чыкканга жетишти дегенди билдирбейт», — деген өз сөзүндө журналист.

Белгилей кетсек, Россиянын Башкы прокуратурасы 6-май күнү  интернеттен коронавирустун жасалма табияты тууралуу маалымат тапкандыгы тууралуу билдирүү тараткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button