УКМК: Тоңдогу «Ак-Куу» тиричилик үйү ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды


КР УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өткөн өндүрүш объектилерин, жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.


Тоң районунун Төрт-Көл айылындагы «Ак-Куу» тиричилик үйүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча менчик ээси А.А.Т. мурунку «Ак-Куу» тиричилик үйүн, пайдалуу аянты 291,60 чарчы метр, турак жай аянты 145,40 чарчы метр, 2000 чарчы метр жер участогу менен кошо мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторун, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.