Иракта катуу кум бороону болуп, көптөгөн адам жабыркады


Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди. 

Маалыматка караганда, 1800дөй адам дем алуусу начарлап ооруканага кайрылган. Жабыркагандардын арасында балдар да бар.

Интернетте жарыяланган видеодо асман кызылга боёлгонун көрүүгө болот. Жергиликтүү маалымат каражаттары электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, учактар ​​убактылуу токтотулганын кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, адамдар беткап кийип башташты жана дарыгерлер жабырлануучуларга жардам көрсөтүү үчүн көчөлөрдө нөөмөттө турушту.