Москвадагы мигранттардын окуясы: ТИМ жалгыз жооптуубу?


Орусияда кыргызстандыктар барып жүргөн мончого полиция өкүлдөрүнүн кирип барып, мигранттарды негизсиз ур-токмокко алышы учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. “Бул кырдаалга Тышкы иштер министрлиги жооптуубу жана кандай реакция болушу керек эле?” деген суроолор боюнча коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовго кайрылдык.

– Сиздин оюңузча, Москвадагы окуяга ТИМ жана өкмөттүн реакциясы кандай болду?
– Биздин Тышкы иштер министрин Жогорку Кеңешке чакырышты. Ал тиешелүү жоопторун берди. Бул окуяга ТИМдин реакциясы, өкмөттүн реакциясы мыйзам ченемдүү деп айтууга тийишпиз. Анткени ушундай окуяларга карата, жарандардын укугун коргоого байланыштуу, Дипломатиянын өзүнүн эрежелери, жол-жоболору жана этаптары болот. Кылычты суруп чыгып, дароо каршылашууга өтүүнүн кереги жок.
Тиешелүү реакция болду. Анткени башка өлкөнүн элчисинин ошол аккредитацияланган өлкөнүн министрлигине чакыртылышы — өтө олуттуу, оңой эмес маселе. Экинчиден, нота берилди. Сый нотасы, чакыруу нотасы — нотанын да көп түрү бар. Бул учурда Россия Федерациясынын өкмөтүнө, бийлигине карата даректелген нота элчиге тапшырылды. Нота бергени — “Биздин жарандарга мындай мамиле кылбагыла” деген эскертүү.
– Коомчулукта өкмөт катуу аракеттенбей жатат деп жатышат. Катуу аракет кандай болууга тийиш?
– Ал териштирет, сүйлөшөт, барат, келет, чакырат, каршылык көрсөтөт. Бул – дипломатиялык кадам. Протест деп коёт. Протест жарыялайт, согуш жарыялайт, согуш ачат — ушундай реакциялардын катуу түрлөрү бар да. Бирок Орусия биздин стратегиялык өнөктөш, кылымдар бою мамиле кылып келген эл, өлкө, улуу держава. Биз деле алардан кем эмес өлкөбүз. Дароо эле каршылык, кармашуу фазасына өтпөй, түшүндүрүп, эскертип жатканы менимче абдан туура. Анткени согушту баштоо, душмандашуу өтө оңой, бирок аны бүтүрүү кыйын.
– Мигранттарды коргоо боюнча аракеттердин түрү, дүйнөлүк тажрыйба кандай?
– Б.з.ч. 432-жылы Перикл деген болгон – Афинанын башчысы. Ал: “Бир дагы афиналыктын сөөгү дагы, өзү дагы талаада калбайт”, – деген. Афина мамлекети эч бир жаранын ай талаага калтырбарын айткан. Мына ушул принцип менен кетишибиз керек. Бирок ушул принципке жетүүдө биздин өлкөнүн күч-кубаты жетиши тийиш. Мамлекет чоңбу, кичинекейби – мигранттарды коргоо, укугун коргоо – бул мамлекеттин башкы функциясы.
– Бул маселе боюнча коомчулукта айтылган ойлор канчалык туура?
– Коомчулукта “жалгыз эле ТИМ, элчиликтер жооп берет” деген кызык жагдай түзүлдү. Анткени айрым саясатчылар, коомчулуктун өкүлдөрү ТИМди жарга такап жатышат. Биздин башка органдарыбыз да бар да. Мисалы, ИИМдин жана башка органдардын өкүлчүлүктөрү бар. Алар да жарандардын укугун коргоого милдеттүү. Анан биздин өкмөт ошонун баарын топтоп келип туруп, адекваттуу, асимметриялык кадам ташташы керек.