Бишкекте жетинчи класста окуган кыз каза болду


Бишкек шаарынын N31-орто мектебинде 7-класстын окуучуларынын сабак учурундагы урушу трагедия менен аяктады. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 15-апрелде 2011-жылы туулган А.А. аттуу бала 2010-жылы туулган А.А. аттуу классташ кыз менен урушуп, аны уруп салган, кыз эсин жоготкон деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге тез жардам чакырылган. Бирок дарыгерлер келгенге чейин кыз көз жумган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.