Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 29-январдан 31-январга чейин “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү жабык болот.
Бул Кытайда Жаз майрамы белгиленгенине байланыштуу кабыл алынган чечим. Аталган пунктар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 1-февралда жанданат.

