Өлкөдө 28 миңге жакын бош жумуш орду бар


Бүгүнкү күндө өлкөдө 28 миңге жакын бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Мекемеден такташкандай, жумуш издегендер ведомствонун аймактардагы башкармалыктарына кайрылса болот.

Кызматкерлер ошол аймактагы жайгашкан мекеме-ишканалардагы бош орундарды аныктап беришет.