26-апрелде «Достук Арена» футбол стадиону ачылат


26-апрелде Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында жаңыдан курулган «Достук Арена» футбол стадиону ачылат.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, стадиондун ачылыш аземи ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот. Ачылыш азем Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 7-турунун алкагындагы Талант – Алга футболдук клубдарынын беттеши менен уланат.

Ачылыш аземдин башталышы – 18:30, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00дө жаңырат.

Кыргыз футбол биримдиги аталган ачылыш аземге футбол сүйүүчүлөрүн жана ЖМК өкүлдөрүн чакырат.